Тил боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аппараты   тарабынан Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар иштер аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарм укуктуу өкүлүнүн №237-б буйругу чыгарылып, буйрук менен бирге мекемелердин, мамлекеттик оргнадардын жетекчилери кирген 16 курамдык облустук жумушчу топ түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жөнөтүлгөн “Башка улуттун улуу муундагы өкүлдөрү үчүн” аталыштагы 10 китеп, 10 диск башка улуттун өкүлдөрүнө таратылып берилген.

2017-жылдын 23-апрелинде Эл аралык китеп окуу күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл А.Кайыповдун колдоосу менен “Жаш калемгер” аталыштагы ыр сынак жана дил баян уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жалпы 20 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2017-жылы май айында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн топ тарабынан Нарын шаарында 1 жолу рейд уюштурулуп, мекемелердин аталыштарынын туура, так жазылышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамынын талаптарына туура келиши боюнча бир катар оозеки эскертүүлөр берилип, көзөмөлдөө иштери жүргүзүлдү.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн белгилөө максатында Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын мамлекеттик университетинин жана Борбордук Азия Университетинин студенттеринин катышуусунда “Кыргыз тили – ынтымактын тили” аталыштагы концерттик иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарада Афганистан, Пакистан, Таджикистан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын ар кайсы регионунан келип окуп жаткан студенттери кыргыз тилинде обондуу ырларды, комуз күүлөрүн, макал-лакаптарын аткарып беришти. Жыйынтыгында, иш-чарага катышкан студенттерге баалуу белектер берилип, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Райондук мамлекеттик администрацияларда, айылдык китепканаларда 23-сентябр мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Айылдык китепканаларда “Эне тил – эл байлыгы”, “кыргыз тилим – кымбатым”, “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”, “Ушул тилде Манас бабам сүйлөгөн” – деген темаларда адабий кечелер уюштурулуп өткөрүлдү. Орто мектептерде “Эне тилге таазим”, “Эне тилим ыйыгым”, “Эне тил дүйнө таанымдын ачкычы” аталыштагы линейкалар, ачык сабактар, жат жазуулар, дил баяндар уюштурулуп, “Жаш акындар” аталыштагы автордук ырлардын кароо-сынактары өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан “Мамлекеттик тил мыйзамына 28 жыл” деген темада көргөзмөлөр, бурчтар, дубал газеталар көргөзүлдү.

Comments are closed