ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ

Бүгүн, 3-июлда Нарын шаардык мэриясы тарабынан улуу инсан Турдакун Усубалиевди эскерүү кечеси болуп өттү.

Ага, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева катышып, Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы боюнча облуста кандай иштер аткарылгандыгы жана пландалгандыгы тууралуу маалымат берди.

Мындан соң, С.Нааматов атындагы НМУнун профессору Сыдык Иманалиев “Кыргызстандын социалдык-экономикалык ренессансын камсыз кылган-залкар мамлекеттик ири ишмер Турдакун Усубалиев” аталышындагы докладын окуду.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер менен чогу иштешип калган замандаштары келип, Т. Усубалиев тууралуу кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери Т.Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча 2019-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин декада жарыяланган. Мына ушул декаданын алкагында облустагы баардык райондордо Т.Усубалиевге арналган иш чаралар өтөт.

КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы

Comments are closed