Нарын облусундагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү координациялык кенешин түзүү иш отуруму өттү

2018-жылдын 28-29-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Нарын облусундагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү Координациялык кеңешин түзүү иш отуруму өттү. Анда Нарын облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Касен Асизов,  Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын …

Continue reading

Окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучулар, мугалимдер үчүн салтанат уюштурулду

Бүгүн, 2018-жылдын 21-июнунда, Нарын облусунун билим берүү тармагындагы жетишкендиктер белгиленди. Майрамдык чоң салтанат Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан окуучулардын билим денгээлин көтөрүү, аларга дем берип, мугалимдерди  шыктандыруу максатында салт катары үчүнчү жыл уюштурулуп жатат. Иш чарада эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, спорттук мелдештерде, облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарда …

Continue reading

Шамалдын кесепетинен бак басып жабыр тарткан бейтаптарга жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 14-июнунда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районунда болгон иш сапарында шамалда жабыркаган бейтаптардын абалы менен таанышты. Учурда Ат-Башы аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жубайлар 1963-ж.т. Гүлбүбү Сыдыкова жана 1937-ж.т. Жумагул Абдыракмановго жолугуп, дарыгерлер тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдар боюнча маалымат алды. Врачтардын билдирүүсүндө Ж.Абдыракмановдун далысы, …

Continue reading

Түндүк-Түштүк автомобиль жолунда баңги заттарды ташуунун алдын алуу үчүн өткөргүч-көзөмөл пункту ачылат

Бүгүн, 2018-жылдын 6-июнунда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо мамлекеттик комиссиясынын жооптуу катчысы Тимур Исаков, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Юсуф Курбонов баштаган …

Continue reading